Адрес Госэкотехинспекции г. Бишкек, ул. Ахунбаева 119 

Уважаемые посетители!

Директор Госэкотехинспекции

Вы можете написать письмо директору Муратбекову Канатбеку Камбарбековичу

 Мамэкотехинспекция жана Ички иштер министрлигинин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте мыйзамсыз жапайы кушту кармагандар аныкталды. Жеринде куш тартылып алынып, инспекторлор тарабынан тийиштүү кагаздар толтурулду. Учурда аталган куштун кайсы канаттууга кирээрин аныктоо боюнча Илимдер академиясына атайын кат жиберилди. Инспекторлордун айтымында, кушту алып жүргөндөргө карата чаралар, куштун канаттуунун кайсы  түрүнө киргендиги  аныкталган соң мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.  Ал эми бүгүнкү күндө  куш убактылуу НАБУ кайра калыптандыруучу жайына өткөрүлүп берилди.  Эске сала кетсек, кызыл китепке кирген канаттууларды  кармоого тыюу салынат. Бул багытта Мамэкотехинспекция тийиштүү кызматттар биргеликте канаттууларды коргоо боюнча  иштерди күчөтүп жатат. Андыктан кимде ким мыйзамсыз кызыл китепке кирген канаттууларды мыйзамсыз   кармаса административдик чаралардар сырткары, кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин эскертет!